Жаңылыктар
Арзыбек Кожошев нааразы болгон ишкерлер менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
Арзыбек Кожошев нааразы болгон ишкерлер менен жолукту

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев кассалык-көзөмөл аппараттарын милдеттүү түрдө колдонууга каршы чыккан ишкерлер менен жолукту.

Арзыбек Кожошев, нааразы болгондордун даттанууларын жана сунуштарын угуп, өлкөнүн фискалдык саясатында жаңы ыкмаларды киргизүүнүн зарылдыгы тууралуу айтты. Чогулгандар ага мамлекет башчысынын атына жазылган кайрылууну беришти. 

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кайрылууну кароонун жыйынтыгында, Экономика жана коммерция министрлигинде ишкерлер менен жолугушуу өткөрүлө турганын жана анда аларды кызыктырган бардык суроолор талкууланаарын белгиледи.