Президент Садыр Жапаров эртең, 28-декабрда, Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына иш сапар менен барып, анын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) катышуучу-ммалекеттеринин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат.
Аталган иш-чарага Белорусь Президенти Александр Лукашенконун, Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин, Армениянын Премьер-министри Никол Пашиняндын, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаевдин, Россиянын Президенти Владимир Путиндин, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеевдин катышуусу күтүлүүдө.