Жаңылыктар
COVID-19: Бир суткада 884 адам вакцина алды
Кыргызстан жаңылыктары
COVID-19: Бир суткада 884 адам вакцина алды

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 884 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет. 

Маалыматка ылайык, анын ичинен 356 адам вакцинанын биринчи дозасын, 488 жаран экинчи дозасын алды. Өлкө боюнча жалпы 1 млн 214 миң 169 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 438 жаран экинчи компоненти менен эмделди.