Жаңылыктар
Окуучулар арасында Манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын финалы өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Окуучулар арасында Манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын финалы өттү

"Манас" эпосун даңазалоо максатында окуучулар арасында манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын финалы өттү. 

Конкурстун тандоо туру аймактарда 19-декабрда болгон. Бул ирет сынак балдар жана кыздардын арасында өз-өзүнчө өткөрүлдү. Уюштуруучулардын айтымында 1-6-класстын окуучулары "Сейтек" билим берүү мектебинде, ал эми 7-11-класстар "Айчүрөк" кыздар лицейинде таймашты. Иш-чарага Назаркул Сейдарахманов, Дөөлөт Сыдыков баштаган белгилүү манасчылар калыстык кылып, сынактын байге фонду 150 миң сомду түзөт. Жеңүүчүлөргө акчалай жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды. 

Конкурска 44 райондон тандалган 200 мектеп окуучусу катышып өнөрүн тартуулашты. Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борбор, мамлекеттик "Манас" театры, манасчылар уюму жана "Сапат" эл аралык билим берүү мекемеси тарабынан уюштурулду.