Түркиянын Анкара шаарында чыгаан режиссер Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өттү.
Ага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Түркиянын президентинин башкы кеңешчиси, ТҮРКСОЙдун башкы катчысынын орун басары жана өлкөнүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү катышты. 3 күнгө созулган кечеде Шамшиев тууралуу кыска даректүү тасма көрсөтүлүп, өмүрү жана чыгармачылыгына арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Иш-чара Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги менен ТҮРКСОЙ тарабынан уюштурулган.
“Кыргыз киносуна 80 жыл. Кыргыз киносунун башында турган Шамшиевдин дагы 80 жылдыгы. Буга байланыштуу эскерүү иш-чарасы Анкарадагы тарыхый кинотеатрда өтүп жатат. Биздин улуу инсандырыбыз менен Кыргызстанды таанытып жатабыз. Мындан ары да ушундай иш-чараларды өткөрүүну улантабыз”,- деди Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев.