Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, өлкөнүн саламаттык сактоо министрлиги, милиция кызматкерлери жана ыктыярчылар катышкан “Тамекисиз кафе” деген аталыштагы акциянын отчёттук жыйыны болуп өттү.
Иш-чаранын максаты коомдук жайлардагы чылым чегүүгө каршы жүргүзүлгөн профилактикалык иштерге талдоо жүргүзүү. Милиция, санитардык дарыгерлер жана ыктыярчы студенттер соңку айларда кафе-ресторан, түнкү клубдарды биргелешип кыдырып, тамекинин зыяндуулугу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Буга чейин 28-сентябрда Президент Садыр Жапаров мыйзамга кол койгон.
Ага ылайык, коомдук жайларда чылым, электрондук тамеки, кальян, жана аралашмаларды чегүүгө толук тыюу салынат. Документ жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирген. Эске салсак, буга чейин кафе, ресторандарда тамеки чегүүчүлөр үчүн атайын бөлмөлөр бар болсо, мындан ары аларга уруксат берилбейт.