Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата Анкаранын борборундагы Түркиянын Палаталар жана Биржалар Биримдигинин эң бийик эки эгиз имараты Кыргызстандын жана Түркиянын желектеринин түстөрүнө боёлду. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, акция Түркиянын Палаталар жана Биржалар Биримдиги тарабынан Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин демилгеси менен ишке ашырылды.