Президент Садыр Жапаровдун атынан Ооганстандан Алай районуна көчүрүлүп келинген 17 үй-бүлөгө кезектеги гуманитардык жардам жеткирилди. Жыл жаңырар алдындагы материалдык жардамды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев тапшырды. Тарыхый мекенине кайтып келген боордоштор жер шартка гана көнбөстөн, айрымдары унаа сатып алып, айдоочулукту да өздөштүргөнгө жетишүүдө.
Президент Садыр Жапаровдун атынан азык-түлүк жана кышкы кийим-кече түрүндөгү материалдык жардам Памир көчөсүндөгү 17 үй бүлөгө же, 79 жаранга берилди. Мамлекет башчысынын кезектеги аманатын конуш ээлерине Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен биргеликте жеткирди.