Жаңылыктар
Түндүк-түштүк жолу: Көк-Арт ашуусу менен өтүүчү туннельдин курулушу дээрлик аяктап калды
Кыргызстан жаңылыктары
Түндүк-түштүк жолу: Көк-Арт ашуусу менен өтүүчү туннельдин курулушу дээрлик аяктап калды

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун куруудагы негизги жумуштардын бири болгон, узундугу 3 миң 800 метрди түзгөн туннелдин 3 миң 600 метрден ашыгы тешилип бүттү. Андан тышкары эки эстокадалык көпүрө курулуп бүтүп, асфальт төшөлүп, колдонууга берилген. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги аталган жолду 2023-жылы колдонууга берүүнү мерчемдеп жатат.

Деңиз деңгээлинен эки жарым миң метр бийиктикте жайгашкан Көк-Арт ашуусу менен өтүүчү туннельдин курулушу дээрлик аяктап калды. Эки жүз метрге жетпеген тоо кыркасы тешилип бүтсө берки беттен аркы бетке жол ачылат. Тешүү жумуштары бир учурда эки тарабынан жүрүүдө.