Соңку убакта Кыргызстан бир топ өлкөлөр менен тышкы алаканы бекемдеп, байланышты жаңы нукка бура алды. Өзгөчө стратегиялык өнөктөштөр, анын ичинде коңшу мамлекеттер менен алаканы чыңдоодо.
Ошол эле учурда Монголия, Азербайжан, Европа чөлкөмүндөгү Швейцария өлкөлөрү менен байланышты бекемдөөгө жетишти. Бул мамлекеттер менен билим берүү, маданият жана гуманитардык алаканы чыңдоо боюнча келишимдер түзүлгөн.