Кыргызстанга жүк ташуучу вагондордун биринчи партиясынын келиши – кыргыз темир жолун жаңылоонун башталышы. Бул туурасында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Азиз Аалиев "Бишкек-1" темир жол станциясында өлкөгө 10 вагондун алынып келишине байланыштуу өткөн иш-чаранын жүрүшүндө билдирди.
Азиз Аалиев белгилегендей, Мамлекет башчысы тарабынан Министрлер Кабинетинин алдына өлкөнүн транзиттик потенциалын жогорулатуу жана экономикадагы жүктөрдү ташууга болгон муктаждыктарды канааттандыруу милдети коюлган. Буга байланыштуу Министрлер Кабинети 100 жүк ташуучу вагон сатып алуу чечимин кабыл алган.