УКМКнын Чек ара кызматы чек арага жакын Максат - Жаштык жолунда кыргыз жаранынын октон жаракат алганы боюнча күнөөнү тажик тарап өз мойнуна алганын кабарлады. Маалыматта эки өлкөнүн чек арачылары жолугуп, окуяны талкуулашканы жазылган. "Тажик тарапка окуянын хронологиясы көрсөтүлдү.
Чек ара кызматынын аймактык жетекчилиги өз кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин моюнга алды. Катачылык жол берген аскерлерге тажик тарап чара колдонору айтылды", - деп жазылат билдирүүдө. Аталган факт Тажикстандын аскер прокуратурасы тарабынан иликтене турган болгон. УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында абал тынч экенин билдирди.
Окуя боюнча Тажикстан тарап расмий комментарий бере элек. Эскерте кетсек, 22-декабрда Баткен облусунун Тажикстан менен чек аралаш аймагындагы жолдо курал колдонуу менен коштолгон окуя катталган. Тажик чек арачылары кыргызстандын унаасына үч ирет ок атышканы айтылган. Окуя боюнча Лейлек районунун жана Тажикстандын Ганч районунун чек ара өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жетекчилери жолукту.