Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясы жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документ Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна келтирилген коркунучтардын алдын алууну, бөгөт коюуну, нейтралдаштыруу боюнча күч-аракеттерди бириктирүүнү, иштин натыйжалуулугун жогорулатууну, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана ушул чөйрөдөгү эл аралык кызматташтыкты чыңдоону көздөйт.
Ага ылайык, Министрлер Кабинети Жогорку Кеңеш менен өз ара аракеттенип, Концепцияны ишке ашырууга багытталган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат жана кабыл алат. Тиешелүү мамлекеттик органдар Концепциянын жоболорун жетекчиликке алып, аны ишке ашырууну камсыз кылат.