Кыргыз эли орду толгус оор жоготууга учурады. 22-декабрда мамлекеттик ишмер Эсенбек Дүйшеев 80 жаш курагында узакка созулган ооруудан улам дүйнө салды.
Эсенбек Дүйшеев 1941-жылы 22-июнда Бакай-Ата районунун Ынтымак айылында туулган. Кыргыз айыл чарба институтун, Алма-Ата шаарындагы Жогорку партиялык мектебин бүтүргөн. Эмгек жолун Ленинполь районунун Калинин атындагы колхоздо механик, башкы инженер болуп баштаган. "Айыл чарба техника" бирикмесинде башкаруучу болгон.
Кыргызстан айыл чарба министрлигинин механизациялаштыруу жана электрлештирүү башкы башкармалыгынын начальниги болуп эмгектенген. Кыргыз ССРнин Иш башкармалыгынын айыл, суу чарба, даярдоо жана суу курулуш бөлүмүнүн башчысы, Кыргызстан Коммунистик Партиянын Ысык-Көл райондук комитетинин биринчи катчысы, Талас облустук комитетинин биринчи катчысы, Кыргыз ССРнин Мамлекеттик айыл чарба өнөр жай комплексинин төрагасынын биринчи орун басары, Кыргыз ССРнин Министрлер Советинин Төрагасынын биринчи орун басары — Кыргыз мамлекеттик агроөнөр жай жана азык-түлүк комитетинин төрагасы, мамлекеттик катчы кызматтарында эмгектенген. Кийин Жогорку Кеңештин депутаты, КПСС БК Контролдоо Комитетинин Президиумунун мүчөсү,
1991-жылы Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер болгон. "Эмгек Кызыл Туу" орденинин ээси. Кыргыз элинин чыгаан уулу, коомчулукта өзүнүн кайталангыс эмгеги менен элдин калың катмарына таанымал болгон ишмер Эсенбек Дүйшеевдин жаркын элеси кыргыз элинин эсинде түбөлүк сакталат. Маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
С. Н. Жапаров, А. К. Касымалиева, А. У. Жапаров, С. С. Касмамбетов, А. О. Кожошев, А. К. Аалиев, Э. Ж. Байсалов, К. К. Ташиев, ж.б.