Жаңылыктар
Казакстандын Нур-Султан шаарына Манастын айкели коюлат
Кыргызстан жаңылыктары
Казакстандын Нур-Султан шаарына Манастын айкели коюлат

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына коюла турган Манастын айкелинин эскизи тандалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. 

Министрлик жарыяланган сынактын жыйынтыгын чыгарып, айкелчи Үрүстөмбек Пазыловду жеңүүчү деп тапты. Ага атайын сертификат менен 120 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылды. 

Жеңүүчү деп табылган Үрүстөмбек Пазыловдун үлгүсү эми министрликтин көркөм эксперттик комиссиясында каралып, артыкчылык-кемчиликтери талкууланат. Анын негизинде толуктоолор, өзгөртүүлөр киргизилет. Айкел толук даяр болгондо, ал коюла турган жер менен таанышуу үчүн жумушчу топ Нур-Султан шаарына иш сапар менен барат. 

Айта кетсек, 2021-жылдын май айында Бишкек шаарынын ошол кездеги башкы архитектору Марат Жороев Казакстандын Маданият жана спорт башкармалыгы менен жолугуп, анда Бишкек шаарына Абай Кунанбаевдин, Нур-Султан шаарына Манастын айкелин орнотуу маселесин талкуулаган. 

Андан соң 20-майда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Нур-Султан шаарына коюла турган Манастын айкелинин эскизине ачык сынак жарыялаган. Белгилей кетсек буга чейин Манастын айкели Кыргызстандан тышкары Орусиянын борбору Москва шаарында, Кытайдагы Кызыл-Суу автономиялуу округунун Улуучат өрөөнүндө, Түркиянын Анкара, Стамбул шаарларында жана башка көптөгөн чет мамлекеттердин шаарларында тургузулган.