Жаңылыктар
Токмоктун милиция кызматкерлери 8 миң сом уурдоого шектүү жаранды кармады
Кыргызстан жаңылыктары
Токмоктун милиция кызматкерлери 8 миң сом уурдоого шектүү жаранды кармады

Токмоктун милиция кызматкерлери 8 миң сом уурдоого шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

Токмок шаардык милициясына 19-декабрда 28 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, 19-декабрга караган түнү Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринде токтоп турган унаасынын терезесин белгисиз бирөө сындырып, андан 8 миң сом акчасын уурдап кеткенин билдирген. 

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин “Уурдоо” беренеси боюнча катталып, териштирүү иштери башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү катары 31 жаштагы киши кармалды. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.