Арка массивин электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу долбоорунун алкагында курулуш иштери аягына чыкты. Муну менен Баткен облусу толук энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болду.
Анткени буга чейин Баткен облусу коңшу Тажикстандан электр энергиясын алып келген. Мындан улам элдин жашоосунда бир катар кыйынчылыктар жаралчу. Эми баары артта калды.