Жаңылыктар
Сокулукта 500 орундуу мектептин курулушу аяктоо алдында турат
Кыргызстан жаңылыктары
Сокулукта 500 орундуу мектептин курулушу аяктоо алдында турат

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Селекционное айылындагы 500 окуучуга ылайыкталган Орок орто мектебинин курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Курулуп жаткан мектеп эки кабаттуу эки окуу корпустан, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 3220,5 чарчы метрди түзгөн билим берүү объектисинин долбоордук кубаттуулугу 500 орунга эсептелген.

Долбоорго ылайык жаңы мектепте бардык керектүү шарттар түзүлгөн: спорттук зал, жыйындар залы, китепкана, ашкана, дарылоо бөлмөсү, жуунуучу жайлар каралган. Негизги класстык кабинеттерден тышкары мектепте чет тилдер жана информатика, кесипке үйрөтүү бөлмөлөрү, химия, физика, география жана биология сабактары боюнча лабораториялары каралган. Класстык бөлмөлөр окуучуларга чакан топ менен жана жеке сабактарды өткөрүүгө ылайыкталган.

Аталган объекттин сметалык наркы 106 млн сомдон ашуун каражатты түзөт. Аны үстүбүздөгү жылы пайдаланууга тапшыруу пландалууда.