Жаңылыктар
Мамкурулуш тарабынан Баткен облусунда мыйзамсыз объектин курулушу аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Мамкурулуш тарабынан Баткен облусунда мыйзамсыз объектин курулушу аныкталды

Мамкурулуштун Баткен облусунун архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз курулуштарды аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарынын 60 жаш кыргызсатн кѳчѳсүндѳ жайгашкан 5 кабаттуу турак үйдүн өз алдынча курулуш иштеринин башталышы жана санитардык-эпидемиологиялык ченемди сактабагандыгы тууралуу фактылар аныкталган.

Башкармалыктын маалыматы боюнча инспекторлор тарабынан курулуш-монтаждоо иштерин мыйзамсыз түрдө жана тийиштүү шаар куруу документтери жок жүргүзө баштаганы аныкталган. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган зарыл чараларды көрүү менен мыйзамдуу чечим кабыл алуу үчүн тиешелүү сот органдарга жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, Мамкурулуштун архитектуралык-курулуш көзөмөлү боюнча башкармалыгы тарабынан жарандардын арыз жана прокуратура органдарынан түшкөн КР мыйзамдарын бузууларды жоюу боюнча жазма буйруктардын негизинде жүктөлгөн ыйгарым укуктардын алкагында такай иш жүргүзүп келет.