Жаңылыктар
"Шериктештиктин жылдыздары" эл аралык сыйлыгы тапшырылды
Кыргызстан жаңылыктары
"Шериктештиктин жылдыздары" эл аралык сыйлыгы тапшырылды

"Шериктештиктин жылдыздары" мамлекеттер аралык сыйлыгын жана "Дебюттардын шериктештиги" эл аралык сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Эки сыйлыкты тең Гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фонду жана КМШнын гуманитардык кызматташтык кеңеши негиздеген. 

“Шериктештиктин жылдыздары” – Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин гуманитардык чөйрөдөгү эң жогорку жетишкендиктери үчүн башкы сыйлыгы.

Анын ээси Улуттук илимдер академиясынын президенти Мурат Жуматаев болду. Фарух Садыркуловго “Дебюттардын шериктештиги” сыйлыгы ыйгарылды. Сыйлыктар онлайн режиминде тапшырылды. Лауреаттарды Гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фонддун башкармалыгынын Төрагасы, Азербайжандын Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Полад Булбул оглы, Фонддун Башкармалыгынын тең төрагасы, Россия Президентинин Эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой жана фонддун аткаруучу директору Анатолий Иксанов куттуктады. Россиянын эл артисти Сергей Скрипканын жетекчилиги астында КМШ жаштарынын симфониялык оркестри өзгөчө лауреаттар үчүн майрамдык концерттик программа даярдады.