Жаңылыктар
Жалал-Абадда үч жаңы бала бакча пайдаланууга берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абадда үч жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Шайдан, Момбеков жана Бүргөндү айыл аймактарында үч жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 

Аталган мекемелердин ачылышына облус башчысы Абсаттар Сыргабаев, район акими Таалайбек Ишенбеков баштаган жергиликтүү бийлик жетекчилери жана айыл тургундары катышты. Шайдан айылындагы №48 жаңы бала бакча 100 орунга, Момбеков айылындагы №49 бала бакча 75, ал эми Бүргөндү айылындагы №28 бала бакча 85 орунга ылайыкташкан.

Жаңы мектепке чейинки мекемелерде жалпы 260 орун түзүлүп, балдардын толук кандуу билим алуусунда бардык заманбап шарттар менен камсыздалган. Аларга жалпы 80 миллион сомдон ашуун каражат сарпталып, республикалык бюджет жана райондун өнүктүрүү фондунан каржыланган. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 145 миңден ашуун калк жашайт. Бүгүнкү күндө аймакты бала бакча менен камсыздоо 44 пайызды түзгөн.