22-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 440 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 155 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 451 куб метрге жетүүдө. Белгилей кетсек, бир сутка ичинде аталган жайдагы суу 25 млн куб метрге көбөйгөн.