Улуттун улуулугуна айланып, элибиздин башкы идеологиясы болгон "Манас" эпосун даңазалоо максатында мектеп окуучулары арасында "Манас" айтуу боюнча республикалык кароо-сынак 25-декабрда борбор калаада өтөт.
Катышууну каалагандар 1-6-класстар "Сейтек" толук эмес жалпы билим берүүчү мектебинде ал эмм 7-11-класстар "Айчүрөк" кыздар лицейинде таймашка катыша алат.
Кароо-сынакка 44 райондон тандалып алынган 200 мектеп окуучусу катышат.
Кароо-сынак балдар жана кыздар арасында деп өз-өзүнчө өтөт.