Жаңылыктар
Электр энергиясына жеңилдетилген тариф
Кыргызстан жаңылыктары
Электр энергиясына жеңилдетилген тариф

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Президенттин “Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү электр энергиясына төлөмдөрдү төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында Энергетика министрлиги менен биргеликте иш алып барууда. 

Бүгүнкү күндө 16 жашка чейинки балдары бар “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун 106 миңдей үй-бүлө алат. Алар 1-январдан баштап электр энергиясына жеңилдетилген тариф менен төлөшөт.