Быйыл Кыргызстандын мамлекет катары түптөлүшүнө зор салым кошкон улуу инсандарды эскерүү иш-чараларды мамлекеттик деңгээлде жүзөгө ашырылууга өзгөчө көңүл бурулду. Бул максатта руханий-адеп-ахлактык маселеге олуттуу мамиле жасалып, жыл башында “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндөгү” жарлык кабыл алынган.
Мындай кадамдардын негизги максаты, кыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн өз өмүрүн тобокелдикке салган кайталангыс инсандарды унутта калтырбай, кийинки муундарга өткөрүп берүү.