Жаңылыктар
Арзыбек Кожошев ЕККУ Бишкектеги прогграммалык кеңсесинин башчысы, Элчи Алексей Рогов менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Арзыбек Кожошев ЕККУ Бишкектеги прогграммалык кеңсесинин башчысы, Элчи Алексей Рогов менен жолугушту

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев ЕККУ Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы, Элчи Алексей Рогов менен жолугушту. 

Арзыбек Кожошев ЕККУ менен кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасындагы маанилүү долбоолорду ишке ашырууда натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө даярдыгын белгиледи. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады.