Жаңылыктар
Чүйдө алдамчылыкка шектүү кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Чүйдө алдамчылыкка шектүү кармалды

Чүй болусунда жарандардан акча алып изин жашырып кеткен адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө алдамчылык фактысы боюнча ар кандай жарандардын 10дой арыздары катталган. Алдын ала маалыматтарга караганда, өзүн "Фархад" деп тааныштырган адам ар кандай шылтоолор менен жарандардын ишенимине кирип, алардан ар кандай суммада акча алып, кийин аны кайтарып бербей изин жашырып кеткени аныкталган. Учурда келтирилген зыяндын жалпы суммасы такталып жатат.
Бардык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш иши Кылмыш-жазык кодексинин "Алдамчылык" беренси менен катталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы фактыларга тиешеси бар делип Чүй облустук милициясынын Криминалдык милиция кызматкерлери жана Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан 36 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалды. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.