Жаңылыктар
Туризмди өнүктүрүү аракети
Кыргызстан жаңылыктары
Туризмди өнүктүрүү аракети

Өлкөдө коронавирус менен ооругандардын саны азайганы менен, анын жаңы түрү дүйнө калкын түйшүккө салууда. Оорунун басаңдаганына карабай Кыргызстан дайыма түрдүү коркунучтарга даяр турушу керек. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев COVID-19 вирусу боюнча жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн жыйынтыгын чыгарган талкууда билдирди

Элдар Шабданов мейманканаларды башкаруу тармагында 14 жылдан бери эмгектенет. Ал меймандостукту мыкты өздөштүрүп, мейманкана жана туризм индустриясынын сырларын бир топ эле билип калды. Кыргызстандагы тейлөө тармагынын жыл сайын өнүгүп келатканына карабай, адис туризм тармагын артка тарта турган бир катар жагдайларды көзү менен көрүп, жон териси менен сезип келатат.

Туризм тармагындагы дал ушундай көйгөйлөр эми жаңы жылдан баштап өзгөрөт. Мамлекет башчысынын жарлыгына ылайык, туристтик тармактын субъектилерин мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатып, туристтик инфратүзүмдү реконструкциялоо жана өнүктүрүү керек. Ушул тапта жарлыкты ишке ашыруучу жоболор толук даярдалып бүттү, жакынкы күндөрү министрлер кабинетине киргизилет. 

Маданий, же тарыхый баалуулукка ээ объектилер өлкөнүн ар бир аймагында бар. Бирок ушул кезге чейин туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө тийиштүү көңүл бурулган эмес. Туризмди өнүктүрүү зарылдыгы тууралуу канча тапшырма берилбесин, иш ордунан козголгон жок. Муну эске алуу менен Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фондун түзүү жана 1 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алынган. Мындан тышкары, туристтик объектилерге алып баруучу жолдорду ремонттоо ишке ашырылып, туристтик инфраструктураны өнүктүрүүнүн башка маселелери чечилет.

Ошондой эле туризмди өнүктүрүү фонду туристтик индустрия объектилерин ижарага берүүгө, аларды сатып алуу-сатуу тууралуу келишим түзүүгө, туризм объектилерин биргелешип өнүктүрүү жана алардын үлүштүк курулушу тууралуу келишим түзүүгө, инвестицияларды тартуу укугуна ээ болот. Буга кошумча туристтик тармакка дем берүү үчүн жер пайдалануу мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилет. 

Кыргызстанда туризмдин бардык түрлөрүн өнүктүрүүгө негиз бар. Ысык-Көлдө эс алуу туризми калыптанып келатса, асман тиреген бийик тоолор альпинизмди өнүктүрүүгө ылайыктуу. Мындан сырткары аңчылыкты да тереңдетип уюштурууга болот. Эми жаңы жарлыктын арты менен экологиялык туризмге да көңүл бурулат.