Жаңылыктар
Жаңы парламентке элдин үмүтү
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы парламентке элдин үмүтү

Мандат берилгенден кийин жаңы парламент эки аптанын ичинде биринчи сессиясын өткөрүшү керек. Саясат талдоочулардын айтымында парламенттин бул чакырылышына жаңы көз караштагы күчтүү лидерлер, ошол эле учурда тажрыйбалуулары да келишти. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынан эл эмнени күтүүдө?

Парламенттин жетинчи чакырылышына өткөн ар бир талапкердин шайлоочулары зор үмүт менен добуш беришти. Себеби бул жолу шайлоочулар тандаган талапкерине добуш берүү укугуна ээ болду. Мындан улам жаңы парламенттин алдында эки эсе чоң жоопкерчилик турат. Өлкөнүн саясий, социалдык-экономикалык абалын жакшырта турган мыкты мыйзамдарды кабыл алуу, эл аралык келишимдерди жактыруу, маанилүү чечимдер эл өкүлдөрүнүн элегинен өтөт. 

Мамлекет башчысы шайлоодо административдик ресурс колдонулбайт жана ага жол бербей турганын белгилеп, аны бекемдеген Жарлыкка кол койгон. Демек бул жолу элдин эркин тандоосуна шарт түзүлдү. Серепчилердин баамында жаңы парламент өнүгүүгө ыктап, конструктивдүү диалогдо иш алып барса туура болот. 

Бул шайлоолор мурдагы шайлоолорго караганда айырмачылык менен өттү - дешет эксперттер. Парламенттик шайлоо жаңы Конституция, жаңы мыйзамдар жана эреже-талаптар менен өттү. Анын расмий жыйынтыгы чыкты. Эми, депутаттык мандаттарды тапшыруу калды.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо 5%дык босого чектен алты партия өткөн. Жаңы парламент 90 депутаттан турат. Алардын 54ү партиялык тизме менен келсе, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланды. Бир мандаттуу округ боюнча Бишкек шаарындагы эки райондо бардыгына каршы добуш бергендиктен, кайра шайлоо өтмөй болду.