Борбордук шайлоо комиссиясы кезектеги парламенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, ушул аптада жаңы шайланган депутаттарга мандат тапшырууга камылга көрүп жатат. Бул арада коррупцияга каршы ишкерлер кеңеши жыйын өткөрүп, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү, жыйынтыгы боюнча адистер бир катар сунуш пикирлерин айтышты.
Коррупцияга каршы ишкерлер кеңеши шайлоо алдында “Акыйкат, таза шайлоо үчүн” платформасын түзүп, бир ай бою добуш берүү өнөктүгүнө байкоо жүргүзүшкөн. Биринчи жолу административдик ресурс пайдалануу
Борбордук шайлоо комиссиясы дагы шайлоо күнү жана андан кийин келип түшкөн ар бир арыз даттанууларды карап чыгып, териштирүү жүргүздү. Азыр добуш берүүнүн жыйынтыгына карата шек күмөн саноого эч кандай негиз жок.
Борбордук шайлоо комиссиясы расмий түрдө кезектеги парламенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарды жана ушул аптада жаңы шайланган депутаттарга мандат тапшырууга камылга көрүп жатат.