Элдин кыштан үшүбөй, жылуу-жумшак чыгышына энергетиктердин салымы чоң. Бул ардактуу кесип ээлери аба ырайынын бардык шартында электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн тыным албай эмгектенишет.
Нөөмөтүн өткөрүп алган Тилек Касымакунов 12 саат бою Бишкек шаарынын теңине жарык берген “Ала-Арча” көмөк чордонунун иштешин көзөмөлдөйт. Келечегин энергетика тармагынан көргөн адис Политехникалык институтта инженер-энергетик кесибине ээ болгон. Бир жыл Бишкек ЖЭБинде жабууларды оңдоп такшалган. Ири көмөк чордондо иштеп жатканына 7 жыл болду.
Тилек трансформатор, жабдуулардын штаттык режимде иштешин камсыздайт. Авариялык учур катталса тез арада кесепетин жоюунун үстүнөн чара көрөт.
220 киловольттук “Ала-Арча” көмөк чордону жогорку аба чубалгыдан электр энергияны өткөрүп алып кубатуулугун ылдыйлатып 110 киловольттогу көмөк чордондорго узатат. Андан ары “Түндүк электр” бөлүштүрүүчү ишканасы калкка таратат. Энергетиктер быйыл күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү чыгуу үчүн даярдык көрүлгөнүн билдирди.
Тармактын өнүгүшүнө мында иштегендердин салымы чоң. Энергетиктердин мээнети менен өндүрүлгөн электр энергиясы турмуш-тиричиликте жана өндүрүштө керектелет. Мамлекет соңку кезде гидроэнергетиканы өнүктүрүүгө басым кылууда. Чакан ГЭСтерди куруу колдоого алынууда, эски жабдуулар модернизацияланууда. Электр энергияны өндүрүү, экспорттоо боюнча долбоорлор бар. Талдоочулардын пикиринде энергетикадагы система жолго салынса экономиканын өсүшүнө чоң түрткү болот.