Жаңылыктар
Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу
Кыргызстан жаңылыктары
Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолундагы 4 чакырымга созулган туннелдин курулушу ноябрда аяктайт. Ушул тапта 2991 метри салынып бүткөндүгү, Президент Садыр Жапаров бул каттамдын салынышын көргөнү барганда маалымдалды. 

Өлкө башчысы стратегиялык автожолду сапаттуу, өз убагында салып бүтүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине көзөмөлдөөнү тапшырды. 

Президент Садыр Жапаров эки күндүк иш сапарынын алкагында Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Өлкө башчы негизинен Көк-Арт ашуусу аркылуу өтүүчү туннелдин курулушун көрүп чыкты. Туннель бир учурда эки жагынан курулуп жатат.
 

Ал эми, туннелди темир менен бекемдөө, бетондоо, жарыктандыруу 2023-жылы бүткөрүлөт. Тоону тешүү татаал болгондуктан былтыр 18 айга узартылган. Учурда 3620 метри тешилген туннелди көргөн Садыр Жапаров стратегиялык Түндүк-Түштүк автожолун куруу боюнча бардык иштерди сапаттуу жана өз убагында бүтүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Жол бардык заманбап стандарттарга жана эл аралык талаптарга жооп бериши керектигин айткан өлкө башчысы Транспорт жана коммуникациялар министрлигине аталган долбоордун аткарылышын көзөмөлдөөнү тапшырды. Жол талаптагыдай болушу үчүн курулуштун ар бир этабында лабораториялык тесттер алынат.
 

Үч фазада тең курулуш жүргүзүлүүдө. Биринчисиндеги жумуштардын 80 пайызы бүтүп, бир гана туннелдин курулушун аяктоо калды. Экинчи фазасы толугу менен бүтүп, 1 ай мурда эки эстакадалык көпүрө жана Арал - Казарман унаа жолу салтанаттуу ачылган. Ал эми 3-фазасы Балыкчыдан - Кызыл-Жылдызга чейинки бөлүктү түзөт. 

2014-жылы башталган долбоордун жалпы наркы 950 млн доллар. Анын 46 миллиону грант. Бүгүнкү күндө жалпы сумманын 60 пайызы колдонулду. Негизги инвесторлор - Кытайдын Эксимбанкы жана Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары. Курулуш иштерин Кытайдын China Road & Bridge Corporation компаниясы жүргүзүүдө. Адистер аталган каттам аймактарды бири-бири менен байланыштырып, социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң роль ойной турганын белгилешүүдө.