Сүт өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйгөнү байкалды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын январь-ноябрь айларында өлкөдө 1 жарым млн тоннага чукул сүт өндүрүлгөн, өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу сүт өндүрүү 30 миң тоннага, же болбосо 1,9 пайызга көбүрөк болду. Сүт өндүрүүнүн өсүшү саан уйлардын көбөйүшүнө байланыштуу.