Түркиянын Анкара шаарындагы Кризистик кырдаалдарды жана саясатты изилдөө борборунда Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн жана эки мамлекеттин дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата конференция болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.
Өз сөзүндө элчи Өмүралиев стратегиялык деңгээлде болгон кыргыз-түрк боордоштук мамилелерине жогору баа берди. Өмүралиев өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгы миң жылдан ашык тарыхы бар боордош мамлекеттер жана элдер үчүн тарыхый кыска мөөнөт экенин белгиледи. Элчи кыска мөөнөттүн ичинде саясий диалогду жана негизги багыттардагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө Кыргызстан менен Түркия чоң ийгиликтерге жетишкендигине көңүл бурду.
Өмүралиев эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүү боюнча мамлекет башчылары тарабынан коюлган тапшырма аткарылып жатканын белгилеп, 2021-жылдын январь-октябрь айларында эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 600 млн доллардан ашканын жана 2020-жылдын аталган мезгилине салыштырмалуу 200 млн доллардан ашуун каражатка көбөйгөнүн маалымдады. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын экономикалык жана туристтик дарамети тууралуу видеороликтер көрсөтүлдү.