Жаңылыктар
Руслан Казакбаев Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкар менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Руслан Казакбаев Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкар менен жолугушту

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Нью-Дели шаарында өткөн “Индия - Борбор Азия” министрлер диалогуна катышуунун алкагында Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкар менен жолугушту. 

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө министрлер кызматташтыктын эки тараптуу күн тартибинин кеңири спектрин, анын ичинде саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өнөктөштүк чөйрөлөрүн талкуулашты. Тараптар Президент Садыр Жапаровдун “Индия - Борбор Азия” саммитинин алкагында келерки жылдын январында Индияга боло турган иш сапарын даярдоого өзгөчө көңүл бурушту. 

Соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү максатында тараптар Кыргызстанда да, Индияда да бир катар бизнес-форумдарды өткөрүү, Индия Өкмөтүнүн гранттык жардамы аркылуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча 200 миллион доллар өлчөмүндөгү кредиттик линияны берүү шарттарын макулдашууну тездетүү, анын ичинде Кыргызстандын университеттеринин биринин базасында Бишкекте билим берүү IT-борборун ачуу тууралуу макулдашышты. 

Мындан тышкары, "Телемедицина" долбоорун өлкөнүн бардык аймактарында кеңейтүү, будда храмдарын биргеликте археологиялык изилдөө боюнча макулдашууларга жетишилди. Ошондой эле, Кыргызстан менен Индиянын тышкы иштер министрлери аскердик-техникалык кызматташтыкты кеңейтүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты.