"Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы Балыкчыдагы филиалын күнү-түнү көзөмөлдөп туруучу онлайн-видеокамера орнотту.
Ишканадан билдиришкендей, ал жакта жетекчиден тарта катардагы кызматкерге чейин кадрдык өзгөрүү болгон. Иш-чара мамлекеттик ишкананын директору Мирлан Жакыпов тарабынан Президент Садыр Жапаровдун коорупцияга каршы демилгесин колдоо максатында уюштурулууда.
Учурда Балыкчы филиалынан Бишкек ЖЭБге жана калкка тандалган көмүр жеткирилет. Белгилей кетүүчү жагдай, "Кара-Кечеде" 24 онлайн-видеобайкоо камералары бар. Эми Бишкекте туруп Балыкчыдагы бөлүмгө жана "Кара-Кече" көмүр кенине көзөмөл жүргүзүү мүмкүнчүлүгү пайда болду.