Өлкөдө жаңы эркин фоматтагы айтыш чемпионаты өттү. Аталган мелдешти Curltai эркин чыгармачылык долбоору уюштурду.
Эркин форматтагы айтыш Curltai Folk деп аталып жалпы 15 жуптан турган 30 акын ат салышты. Ал эми байге фонду беш жүз миң сомду түзөт. Айтыштын жаңы жана эркин дегендей эле шарттары да өзгөртүлгөн. Долбоордун максаты эң алдыңкы технологияларды колдонуу менен ата-бабаларыбыздын баа жеткис мурасын сактоо жана жаңылоо болуп эсептелет. Ошондой эле жаш муунга кыргыздын унутта калып бараткан маданияттын заманбап жаңы форматта жаштарга жеткирип аны жандантуу.
Ал эми айтышка келген көрүүчүлөр кызыгуу менен баам салып жатышты. Аталган саамалыкка КР эл артисти Саламат Садыкова, манасчы Рысбай Исаков, акын Амантай Кутманалиев калыстык кылышты. Айтсак айтышты бир гана калыстар эле эмес Curltai Folk Youtube каналы аркылуу көрүүчүлөр да өз добуштарын бере алышат.