Жаңылыктар
Чек ара жаңжалында жабыркаган ишкерлер кенемте алууда
Кыргызстан жаңылыктары
Чек ара жаңжалында жабыркаган ишкерлер кенемте алууда

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжалда жабыр тарткан Баткен жана Лейлек райондорундагы 52 ишкер мамлекеттен 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку кенемте алды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. 

Ошону менен бирге эле 44 ишкерге 200 миң сомдон жеңилдетилген бюджеттик кредит берилген. Министрлик жалпы жонунан жабыркаган 76 ишкерге насыя берүү каралганын белгиледи. Ал күрөөсүз, 0,1 пайыздык коюм менен үч жылдык мөөнөткө берилет. 

Бир жолку төлөнүүчү компенсациянын жалпы суммасы 14,5 миллион сомду түзөт. Мындан сырткары, азыркы тапта Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Баткен облусун 2021-2035-жылдарга өнүктүрүү программасы жана Жол картасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар жүрүп жатканы маалымдалды.