Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө" Жарлыкка кол койду.
Туристтик тармактын субъекттерин мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, туристтик инфратүзүмдү, анын ичинде транспорттук, коммуналдык, инновациялык, оюн-зооктук жана туризм чөйрөсүнө тартылган башка инфратүзүмдөрдү реконструкциялоого жана өнүктүрүүгө ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн инструменттерди өркүндөтүү жана Кыргызстандын туристтик потенциалын жогорулатуу максатында, Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат.
Ага ылайык, өлкөдө туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлөт. Ошондой эле Министрлер кабинетине "Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" мамлекеттик мекемесин түзүү жана туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырмасы берилди.