Жаңылыктар
COVID-19: бир суткада 9558 адам вакцина алды
Кыргызстан жаңылыктары
COVID-19: бир суткада 9558 адам вакцина алды

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 9 миң 558 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. Маалыматка ылайык, анын ичинен 4 миң 335 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 223 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 183 миң 224 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 969 миң 457 жаран экинчиси менен эмделди.