Чолпон-Ата шаарындагы "Алтын балалык" медико-реабилитациялык комплексинин аймагында бейтаптар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана коргоону сактоо максатында аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш-чара уюштурулду. Ага Саламаттык сактоо министри, тармактын кызматкерлери, Улуттук жана республикалык саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери, ошондой эле облустук саламаттык сактоо координаторлору, республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери катышты.
Медицина кызматкерлери ар бир облустун атынан ак кайыңдар аллеясын отургузуп, медициналык реабилитациялык комплекстин башкы аллеясына көк карагайлар, арчалар отургузулду. Ачылгандан бери 7 бейтапка операция жасалып, жүрөк-кан тамыр оорулары бар 70тен ашык бейтап консультация алган борбордогу инновациялык кардиохирургия борборунун, Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун соматикалык бөлүмүнүн жана гинекологиялык оорулар менен ооруган аялдарды кабыл алып, кеңеш берип турган Адамдын репродукциясы боюнча илимий борборунун консультациялык-диагностикалык бөлүмүнүн иши менен таанышып чыгышты. Бардыгы болуп 500гө жакын кайың жана ийне жалбырактуу дарактар отургузулду. Бул борбордун бейтаптарынын ден соолугуна кам көрүү гана эмес, кереметтүү Ысык-Көлдүн жаратылышына кам көрүү дешет дарыгерлер.
Эскерте кетсек, Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги климаттык жана бальнеологиялык шарттарды эске алуу менен "Алтын балалык" медициналык реабилитациялык борборун ишке киргизүү чечими кабыл алынган. Бул үчүн ушул жылдын октябрь айында Министрлик финансылык каражат топтоо марафонун өткөргөн.