Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү долбоору коомдук талкууда. Ал үчүн аянтча түзүлүп, шаар бийлигинин өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, жарандык активисттер жана көз карандысыз эксперттер калаа элине шарт түзүү жолдору боюнча пикирлерин ортого салышты. 5 жылдык программа бир нече багытта аткарылмакчы.
Баш калааны 2026-жылга чейин өнүктүрүү программасына 6 багыт камтылган. Алар социалдык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, заманбап инфратүзүм, экономиканын өсүшү жана жергиликтүү бюджетти бекемдөө, натыйжалуу шаардык башкаруу. Долбоорду ишке ашырууга 30 миллиард сомдой керектелери айтылууда.
Бул программа буга чейин кабыл алынган "Жагымдуу шарттардын шаары" деп аталган 2017-2020-жылдарга Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын уландысы болуп саналат. Долбоор 27 жарым миллиард сомго бааланып, 3 жарым миллиард сомго каржыланып, 12,7 пайызы ишке ашкан. Көрсөткүчтүн төмөн болушуна экономиканын солгундашы, пандемия таасирин тийгизген. Эскперттер туруктуулук болсо эле иш алдыга жылат деген пикирде.
Долбоорду иштеп чыгууда муниципалитеттин башкы адистери жана калаадагы эксперттик коомчулуктун консультанттары катышкан. Программаны иштеп чыгууда өлкөнүн 2026-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасынын артыкчылыктуу багыттары жана ошондой эле шаардык кеңештин депутаттарынын пикири да эске алынган.
Бишкек шаарында расмий эмес маалыматтарга ылайык 1 миллиондон ашык калк жашайт. Шаарды өнүктүрүү программасында коомдук унааларды альтернативдүү булактарга өткөрүү, көрктөндүрүү, коопсуздугун камсыздоо башкы орунга коюлган. Ошондой эле дизайн иштеп чыгып архитектуралык көркүн жакшыртуу каралган.