Кыргызстанда 17-декабрга карата коронавирус дагы 29 адамдан аныкталып, эки бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 16, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 7, Ош облусунда – 1, Нарын облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 3 адамдан вирус табылган. Ал эми бир суткада 39 адам илдеттен сакайып чыкты. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 303 бейтап, амбулатордук түрдө 348 адам дарыланууда.
Өлкөдө пандемия башталгандан бери 184 миң 123 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 205 киши айыгып чыкса, 2 миң 779 адам каза болду.