Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылы Глазго шаарында БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча 26-конференциясына катышып сөз сүйлөп "2022-жылды Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы" деп жарыялоо демилгесин көтөргөн. Белгилей кетсек, өткөн аптада Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев бул өлкөнүн Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу менен жолугуп, АКШнын бийлиги кыргыз президентинин жогорудагыдай демилгесине тең демөөрчүлүк кылып, аны колдоп берүүнү өтүнгөн.
Натыйжада, 9-декабрда АКШнын БУУдагы өкүлчүлүгү тарабынан аталган резолюцияга тең демөөрчүлүк кылууга макулдук берилип, резолюциянын долбоору БУУнун 16-декабрындагы пленардык отурумунда каралып жактырылды.