Жаңылыктар
Жакынкы беш жыл аралыгындагы мамлекеттик саясат жаңы Кыргызстанды курууга багытталат
Кыргызстан жаңылыктары
Жакынкы беш жыл аралыгындагы мамлекеттик саясат жаңы Кыргызстанды курууга багытталат

Жакынкы беш жыл аралыгындагы мамлекеттик саясат жаңы Кыргызстанды курууга багытталат. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Улуттук тарых музейде өткөн өлкөнүн көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракесине арналган кабыл алууда билдирди. Бул убакыт аралыгында басып өткөн жолго токтолгон Президент 11-апрелде өткөн референдум жаңыланууга умтулган улуттук изденүүлөрдүн, конституциялык реформалардын корутундусу экенине токтолду.