Жаңылыктар
УКМК: Кыргызстандан Афганистанга мунай зат импорттолуп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Кыргызстандан Афганистанга мунай зат импорттолуп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт

Кыргызстандан Афганистанга мунайзаттар импорттолуп жатат, - деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. 

Ушул жылдын 16-декабрына карата Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу, жарандарды, унааларды жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулган. 

Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-мартындагы токтомуна ылайык, мунайзаттарын ЕАЭБдин чегинен тышкары экспорттоо убактылуу токтотулган. Ал эми мунай продукциялары Кыргызстандан сыртка чыгарылып жатат деген маалымат жалган экендигин УКМК билдирүүдө.