Экосистеманы калыбына келтирүү, сактап калуу боюнча калаада эл аралык конференция өттү. Анда климаттын өзгөрүшү, табигый экосистема боюнча талкууланып, глобалдык деңгээлде көрүлүп жаткан климаттык чаралар боюнча сунуш-пикирлер айтылды.
Иш-чарага эксперттер, эл аралык уюмдар, ошондой эле Казакстан, Монголиянын коомдук уюмдарынын өкүлдөрү онлайн катышты.
“Практикалык максаты - ушул көйгөйдүн үстүнөн иш алып барып жаткан уюм, бизнесмендер болобу баарыбыз биргеликте маселенин үстүндө иштеп жатабыз. Биз ошолордун арасында көпүрө боло турган платформаны түзүү аракетин көрүүдөбүз”,- деди уюштуруучу Күлүйпа Акматова.