Өлкөдө кургак учук менен күрөшкөн 19 оорукана бар. Анын санын 12ге кыскартуу аракеттери көрүлүп жатат. Мындай кадамдар жаңы жылдан баштап жүзөгө ашат.
Республика боюнча кургак учук менен күрөшүп жаткан 6 миң 125 жаран каттоого алынган. Ал эми ооруканага кайрылгандар 2 миң 225 адамды гана түзөт. Бул көрсөткүч, ооруканаларда бош орундар көп экенин далилдеп, алардын санын кыскартууга алып келүүдө. Мындан сырткары көпчүлүк саламаттык сактоо мекемелери, тиешелүү талаптарга жооп бербейт. Андыктан алардын санын кыскартуу менен, заманбап ооруканаларды куруу зарылчылыгы келип чыккан.
Дал ушул реформанын алкагында Бишкек шаардык кургак учук менен күрөшүү ооруканасынын жаңы имараты пайдаланууга берилүү алдында турат. 128 орунга ылайыкташкан ооруканада курулуш иштери дээрлик аяктап калды. Имарат эл аралык стандарттарга жооп берет. Май айына чейин пайдаланууга берилүүсү күтүлүп жатат.