Кыргызстанда 16-декабрга карата коронавирус дагы 39 адамдан аныкталды. Республикалык штаб билдиргендей, Бишкек шаарында – 18, Ош шаарында – 1, Чүйдө– 9, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 2, Ысык-Көлдө – 3, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет табылган. Ал эми бир суткада 43 адам илдеттен айыкты, эки бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 317 бейтап, амбулатордук түрдө 354 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 94 адам вирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 166 киши айыгып чыкса, 2 миң 777 адам каза болду.