Президент Садыр Жапаров мамлекеттик тарых музейине мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнүн түп нускасын өткөрүп берди. Өлкө башчысы ал кол жазманы бүгүндөн тарта мамлекеттик өзгөчө коргоодогу улуттук таберик деп жарыялады. Себеби ал күндөлүк XX кылымдагы жалпы улуттук тагдырдын ары кызыктуу, ары драмалуу барактарын чагылдырган эң маанилүү саясий документтердин бири.
Жусуп Абдрахманов – бүгүнкү эгемендүү өлкөнүн пайдубалын түптөгөн кыргыздын чыгаан инсандарынын бири. Өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына удаа мамлекеттик ишмердин да 120 жылдыгы белгиленип жатат. Муну эске салган Президент Садыр Жапаров тарых музейинин директоруна Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнүн түп нускасын өткөрүп берди.